Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:19

КСДП “Ата Мекен” менен коалиция тууралуу экинчи жолу сүйлөшөт


Социал-демократтар партиясынан кабарлашкандай, аталган партия өкмөттүк коалиция түзүү тууралуу сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасын баштады. Кечээ партия лидери Алмазбек Атамбаев “Республиканын” жетекчиси Өмүрбек Бабанов менен жолукту. Бүгүн “Ата Мекендин” лидери Өмүрбек Текебаев менен сүйлөшөт. Азыр Социал-демократтар, “Ата Мекен” жана “Республика” партиялары өкмөттүк коалиция түзүшү ыктымалдыгы айтылууда. Бирок сүйлөшүүлөрдүн биринчи айлампасынан майнап чыккан эмес, партия лидерлери кайсы маселе боюнча келише албай жатканын ачыкташа элек. Кыргызстанда парламенттик шайлоо 10-октябрда өткөн. Ага 29 партия катышып, алардын ичинен бешөө 5 пайыз босогодон өтүп, парламентке келишти. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG