Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:23

Жогорку сот: Адвокаттар соттун узарышына кызыкдар


Жогорку Соттун басма сөз катчысы Бактыбек Рысалиевдин журналисттерге билдиргени боюнча, апрель окуясы боюнча жүрүп жаткан сотто адвокаттардын коопсуздугу тиешелүү деңгээлде камсыздалган, алардын жабырлануучулар тарабынан ур-токмокко алындык деп айтканы чындыкка туура келбейт. Бактыбек Рысалиев адвокаттардын айрымдары жабырлануучулардын кыжырына тийип, чагымчылык кылуу менен соттун ишин үзгүлтүккө учуратып жатышат деп эсептейт.
Апрель окуясы боюнча соттук териштирүү 17-ноябрда Бишкектеги спорт сарайында башталган. Сотко катышкан укук коргоочулар жана кээ бир журналисттер айыпталуучулар менен алардын адвокаттарынын дарегине гана эмес журналисттерге да жабырлануучулар тараптан коркутуп-үркүтүүлөр болуп жатканын билдиришүүдө.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG