Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:26

Казакстандагы саммитке АКШ делегациясын Мамлекеттик катчы жетектеп келет


Бул тууралуу АКШ Мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия боюнча жардамчысы Роберт Блейк Конгресстин Эл өкүлдөр палатасынын комитетиндеги жыйында жарыялаган. Анын айтымында, ЕККУ уюмунун Астанада 1-2 –декабрда өтүүчү саммитине америкалык делегацияны Мамлекеттик катчы Хиллари Клинтон жетектеп барган жатат. Мамлекеттик департаменттин өкүлү алдыдагы саммитти Борбор Азиядагы оң өнүгүүлөр менен ЕККУнун бул аймакта ойнгон ролун жана болочокто аткаруучу вазийпасын көргөзүүнүн мүмкүнчүлүгү катары мүнөздөдү. Казакстан мурдагы советтик республикалар ичинен эң алгачкысы болуп ЕККУда быйыл жыл башынан бери төрагалык кылууда. Уюмдун буга чейинки акыркы саммити 1999-жылы Cтамбулда болгон.

XS
SM
MD
LG