Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:59

Азербайжандын соту абактагы блоггерлердин бирин бошотууну чечти


Бакунун апелляциялык соту бүгүн чыгарган чечимге ылайык, абактагы блоггерлердин бири Аднан Хажизаде эки жылдык түрмө жазасынын жарымын өтөгөндүгүнө байланыштуу бошотулуусу керек. Ал эми эки жарым жылга соттолгон блоггер Эмин Милли абакта кала берет. Азери бийликтеринин эки блоггерди абакка салышы эл аралык коомчулуктун айыптоосун жараткан эле. Блоггерлер былтыр ноябрда Бакудагы ресторандардын биринде орун алган мушташка байланыштуу бейбаштык кылган деп айыпталышкан. Бирок камалар алдында алар Интернеттеги блогуна эшек менен өткөрүлгөн пресс-конференцияны чагылдырган сатиралык видеону жайгаштырышкан эле. Анда өкмөттөгү коррупция мыскылга алынган болчу.

XS
SM
MD
LG