Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:39

Жогорку Сот “Бүтүн Кыргызстандын” өтүнүчүн канааттандырган жок


Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматынан “Азаттыкка” билдиришти. 10-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жоккко чыгаруу жана БШК тарабынан Орусиядагы шайлоо участокторундагы добуш берүүнүн жыйынтыктары жараксыз деп табылышынын мыйзамдуулугун аныктап берүү өтүнүчү менен “Бүтүн Кыргызстан” партиясы 1-Май райондук сотуна кайрылып, бирок колдоо тапкан эмес. Андан кийин партия Жогорку сотко кайрылган.

10-октябрдагы парламенттик шайлоонун расмий жыйынтыгы боюнча “Бүтүн Кыргызстан” партиясы 5 пайыз чекти өтө албай калган. Партия шайлоо алдында жарыяланган маалыматтарга ылайык 5% чектен өткөнүн белгилеп, шайлоонун жыйынтыгына бийлик кийлигишти деп айыптап келет.(ZKo)

XS
SM
MD
LG