Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:37

АКШда сот Гуантанамо айыпкерин ага коюлган күнөөлөрдүн көбүнөн актады


Танзаниянын жараны Ахмед Гайлани - мурда Гуантанамо түрмөсүндө олтурган айыпкерлер ичинен иши АКШнын жарандык сотунда каралган алгачкы адам. Нью-Йорктун соту аны АКШнын мүлкүнө зыян келтирүү боюнча кутумга аралашканы үчүн айыптуу деп тапты. Тергөөнүн маалыматтары боюнча Гайлани 1998-жылы АКШнын Кения менен Танзаниядагы элчиликтеринде уюштурулган террордук чабуулду даярдоого катышкан. Андагы жардыруулар учурунда жалпысынан 224 адам, анын ичинде 12 америкалык каза тапкан эле. Бирок Ахмед Гайлани терроризм, адам өлтүрүү боюнча коюлган айыптардын калган 280ден ашуун пункуту боюнча Нью-Йорктун соту тарабынан акталды. Эми өкүм чыгарылганда ага сот тарабынан бери дегенде 20 жылдык түрмө жазасы берилүүсү мүмкүн.

Ахмед Гайлани 2004 –жылы Пакистандын аймагынан кармалып, 2006-жылы Гуантанамодогу аскерий түрмөгө жөнөтүлгөн. Ал эми 2009 –жылы АКШнын жаңы администрациясы Гуантанамо түрмөсүндө олтургандардын көпчүлүгүнүн иши мурдагыдай аскерий комиссияларда эмес, кадимки эле жарандык соттордо караларын жарыялаган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG