Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:31

6 өлкө сыйлык тапшыруу салтанатына катышуудан баш тартты


Норвегиянын Нобель комитетинин билдиргенине караганда, алар: Орусия, Казакстан, Ирак, Куба, Марокко жана Кытай. Комитеттин катчысы Гейр Лундестаддын айтымында, дагы он алты өлкө жообун айткан эмес. Бул үчүн берилген мөөнөт бүгүн эртең менен аяктады. Комитеттин катчысы белгилегендей, Кытай сыйлык тапшыруу жөрөлгөсүн саботаждоо үчүн буга чейин болуп көрбөгөндөй өнөктүк жүргүздү. Нобель тынчтык сыйлыгы быйыл кытайлык диссидент Лю Сяобого ыйгарылган болчу. Нобель комитетинин катчысы Гейр Лудестаддын бүгүнкү билдирүүсүнө караганда, 10-декабрда Ослодо белгиленген салтанат өтө берет, бирок диплом, медаль жана 1,4 миллион доллар өлчөмүндөгү акчалай сыйлык ээсине тапшырылбай калуусу мүмкүн. Анткени кытай диссиденти Лю Сяобонун үй-бүлөсүнөн сыйлыкты алууга бирөө да келе алчудай эмес. Лауреаттын өзү түрмөдө олтурат, ал эми жубайы үй камагында. Сыйлыкты алууга келери жөнүндө лауреаттын башка туугандарынан да азырынча эч кабар түшкөн элек. Эреже боюнча сыйлыкты лауреаттын өзү же анын үй-бүлө мүчөсү алуусу керек.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG