Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:41

“Санпа” окуясынын жабырлануучулары президентке кайрылды


18-ноябрда “Санпа” окуясынын жабырлануучулары президентке кайрылып, июнь окуясына тиешеси бар деп күмөн санаган партия башчыларына өкмөт түзүүгө уруксат бербөөнү талап кылышты. “Санпа” окуясында жабыр тарткан 15 адам президентке жолдогон кайрылуусунда мыкаачылык менен адам өлтүрүүгө, талап-тоноого тиешеси бар деп камакка алынган соттолуучулар тагылган айыпты мойнуна албай, актанганына нааразы болгонун белгилешти.

Жабырлануучулардын талабына Жалал-Абад облусунун губернатору Бектур Асанов кошулган жок. Губернатордун баамында, жабырлануучуларды кимдир бирөө көкүткөн болушу ыктымал. “Ансыз да араң кармалып турган туруктуулукка доо кетирүү азыр туура эмес”,-деп билдирди “Азаттыкка” Бектур Асанов.

Соттук материалдар боюнча 12-13-июнда Ош – Бишкек жолунун Топурак-Бел ашуусунан түшө бериш ченинде 9 жүргүнчү мыкаачылык менен өлтүрүлгөн, набыт болгон бир адамдын ким экени таанылбай, эки киши дайынсыз жоголгон. (YA)

XS
SM
MD
LG