Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:40

Кадамжайда унаа коюп кеткен чек арачынын абалы оор


18-ноябрь күнү “Ауди” үлгүсүндөгү унаа коюп кеткен төрт кыргыз чек арачынын бирөөнүн абалы оор, калгандары канааттандырарлык абалда деп билдирди “Азаттыкка” Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматтын алдындагы чек ара кызматынын басма сөз катчысы Салкын Абдыкариева. Анын айтымында, бүгүн Кадамжайга чек ара колбашчысынын орун басары Рысбек Мирзаматов барып, Айдаркен шаардык ооруканасында жаткан чек арачылардын абалы менен таанышты. Учурда оор акыбалдагы чек арачыны Ош же Бишкек шаардык ооруканаларына көчүрүү маселеси каралууда. Ал эми чек арачыларды коюп кеткен айдоочунун рулга мас абалында отурганын МАИ кызматкерлери тастыктаганы белгилүү болду, бул боюнча МАИ териштирүү жүргүзүп жатат.

Кечээ Кадамжайдагы “Бел” чек ара заставасынан алыс эмес жерде кезектеги күзөт кызматына бара жаткан төрт чек арачыны унаа коюп кеткен. (ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG