Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:28

Түркия эч кимдин көңүлүн калтыргысы келбейт


Түркияда НАТОнун планына каршы митинг өттү.
Түркияда НАТОнун планына каршы митинг өттү.

НАТОнун Лиссабон калаасындагы саммитин утурлай расмий Анкара ракетадан коргонуу системасына байланыштуу шарттарды ортого койду.

Эгерде ал система Түркиянын аймагына жайгаштырылса Анкара буга көзөмөлдү өзү жүргүзгүсү келет.

19-20-ноябрь күндөрү НАТОнун Лиссабандо өтө турган саммитин утурлап, түрк өкмөт башчысы Режеп Тайып Эрдоган ракетадан коргонуу системасына карата өкмөттүн турумун ачыктады. 15-ноябрда “Чоң жыйырманын” Сеулдагы жыйынына катышып келген Эрдоган Стамбулдун “Ататүрк” аба майданында маалымат жыйынын өткөрдү:

- Эгерде ракетадан коргонуу системасы биздин аймакта жайгаштырылса, анда ага толук көзөмөл өзүбүзгө берилиши керек. Болбосо бул сунуш кабыл алынбайт. Лиссабондогу саммитте түзүлүүчү кандайдыр бир келишим болбосун, анда Иран тарабынан келе билүүчү коркунуч жөнүндө сөз болбошу керек. Коргонуу системасы атып түшүрө турган ракеталардын калдыктары кай жерге түшөт, ракета канчалык бийиктикте атылат деген маселелер Лиссабондо талкууга алынат. Келише алсак бир жөн, болбосо башка айла жок.

Адегенде Польша жана Чехияда жайгаштырылуусу пландалган НАТОнун коргонуу системасын Түркияда жайгаштыруу планы расмий Анкараны ыңгайсыз абалга кептеди. Бир жатарабында өзү да мүчө болгон НАТО, экинчи тарапта Түркияны газ менен тейлеп келген жана акыркы убакта ортодогу мамилелер кыйла жөнгө салынып келаткан Иран турат. Ушундан улам расмий Анкара эки тарапты тең таарынтпай турган чечим жолун издеп келди.

Ал арада Иран ракетадан коргонуу системасы боюнча Түркиянын дарегине эскертүү жасады. Ирандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз өкүлү Рамин Мыйманперест Тегеранда маалымат жыйынын өткөрүп, аймактагы коопсуздукту бул жактагы өлкөлөр гана камсыздай аларын белгилеп, НАТОнун коргонуу системасына байланыштуу олуттуу шек саноолор болгонун ырастады.

Министр Рамин Мыйманперест АКШ НАТО аркылуу бул планды ишке ашырууну көздөп жатканын айтып, бул система Изралди гана коргоо максатын күткөнүн, ошондуктан аймактагы өлкөлөр бул маселеде абдан кыраакы жана сак болуусу тийиш экенин белгилеп, Анкаранын дарегине кыйгач эскертүү берди.

Түркияда айрым бейөкмөт уюмдар да НАТОнун бул системасына каршы чыгышты. 15-ноябрда Стамбулда бир катар жарандык уюмдар биргелешип митинг өткөрүштү. “Мазлум-дер” аттуу уюмдун төрагасы Ахмет Фарук Үнсал буларды айтты:

- Бул жерден бийликке кайрылгыбыз келет. Силерге жасалып жаткан кысымды биз сезип турабыз. Бирок бул глобалдык зулумдун коргоочусу болууга макул болбогула. Коркпогула, бүт калк жана аймак силер менен!

XS
SM
MD
LG