Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:39

Сүйлөшүү болду, тил табышуучу?


19-ноябрда Жогорку Кеңеште Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын лидери Алмазбек Атамбаев “Ата мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана “Республика” партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов менен өз-өзүнчө жолугушту. Анда коалиция түзүү боюнча кеңешүүлөр болду.

Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын өкүлү Фарид Ниязовдун “Азаттыкка” билдирүүсүнө караганда, жума күнү түшкө жуук Алмазбек Атамбаев Өмүрбек Текебаев менен жолугушуп, коалиция түзүү маселесин талкуулады. Түштөн кийин Атамбаев “Республика” партиясынын жетекчиси Өмүрбек Бабанов менен жолугушуп, үч партиянын ортосунда коалициянын тагдырын сүйлөшкөн.

Өмүрбек Текебаевдин маалымат каражаттарына билдирүүсүнө караганда, аны менен Атамбаевдин жолугушуусунда коалициянын түзүүнүн алдындагы маселелер жана аларды чечүүнүн жолдору талкууланган.

“Ата Мекен” партиясы коалицияга кошулуунун шарты катары Өмүрбек Текебаевдин парламент төрагасы болушун талап кылууда. Бул
талапты “Ата Мекендин” мүчөсү Ташболот Балтабаев ырастады:

- Социалисттик “Ата мекен” партиясы парламенттик бийлик системасынын башатында турган саясий күч катары биз коалицияга кирүү үчүн бир эле маселе коюп жатабыз, биздин лидер Жогорку Кеңештин төрагасы кызматын ээлеп, мындан ары реформанын жүргүзүлүшүнө жооп бериш керек деген логикалуу маселе коебуз. Калган бийлик маселелери, креслолорду бөлүштүрүү боюнча биздин ашыкча талабыбыз жок.

Фарид Ниязов мындан ары коалиция түзүү боюнча үч партиянын ортосунда сүйлөшүүлөр интенсивдүү жүргүзүлө турганын айтып, бирок коалиция боюнча келишимге кол коюунун датасы айкын эместигин белгиледи:

- Азырынча коалиция боюнча келишимге кол коюунун мезгилин так айтуу кыйын. Анткени үч партиянын позициясын бир нукка салууда проблемалар сакталып турат. Бирок тараптар проблемалуу маселелерди чечүү боюнча активдүү кеңешүүлөргө киришти. Үч партия биргелешип коалиция түзүүгө кызыкдарлыгын билдиришти. Келерки жуманын соңуна карай кандайдыр бир чечим кабыл алыныш керек.

Коалиция түзүүгө Конституция боюнча он беш гана жумушчу күн берилет. Ал он беш күн келерки жумада болбосо да, аркы жуманын башында соңуна чыгат. Мына ошол он беш күндүн ичинде өкмөт башчылыкка талапкер көрсөтүлүп, ал өкмөттүн структурасы, программасын Жогорку Кеңештин кароосуна алып чыгышы керек.

Эгерде үч партия кийинки апта ичи бир пикирге келе албаса, анда КСДПнын башка партиялар менен коалиция түзүүсүнө убакыт калбай калат.

Башка партиялар бул - “Ар-намыс” жана “Ата Журт” партиялары.

“Ар-намыс” жана “Ата Журт” партиялары азырынча коалиция боюнча сүйлөшүүлөргө барганы байкала элек. “Ата Журт” фракциясынын мүчөсү Курманбек Осмонов азырынча коалиция боюнча эч кандай сунуштар түшө электигин, эгерде кандайдыр бир сунуштар түшүп калса, анда фракциянын лидери аркылуу чечилерин белгиледи:

- Эми ал боюнча адегенде партия лидерлери жолугушуп, сүйлөшүү жүргүзүшөт. Ага мен катышпайм. Кандай болорун боолголоп гана айтышым мүмкүн.

“Ата Журт” фракциянын лидерлигине Акматбек Келдибеков шайланган.

“Ар-намыс” партиясы кеңири багыттагы коалицияны жактап келатат.

Эгерде Кыргызстан социал-демократиялык партиясы коалиция түзө албай калса, анда коалиция түзүү вазийпасы “Ата Мекен” партиясына жүктөлөрү айтылган. Бирок азыркы мезгилде социал-демократтардын коалиция түзүү мүмкүнчүлүгү толук сакталып турат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG