Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:07

Ирландиянын экономикасын кризистен сактап калуу жолу талкууланууда


Дублиндеги жыйынга барган Евробиримдиктин, Европанын борбордук банкынын жана Эл аралык валюта корунун өкүлдөрү карызга баткан өлкөгө кантип жардам берүүнүн жолдорун талкуулашууда. Ирландиянын борбордук банкынын башчысы Патрик Хонохандын айтымында, сөз “ондогон миллиард еврого барабар карыз” жөнүндө болуп жатат. Ирландия Евробиримдикке кирет. Анын бюджетиндеги таңкыстык азыр биримдик койгон чектен 10 эсе ашып кетти. Бул жалпы Евросоюздагы финансылык туруктуулукка коркунуч келтирет. Жарым жыл мурда ушундай абалга кептелген Грецияга эл аралык донорлор 110 миллиард евро жардам көрсөтө турган болушкан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG