Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:57

АКШ азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого кошумча каражат бөлдү


Америка өкмөтү Кыргызстандын түштүгүнүн элинин муктаждыгын камсыздоо үчүн кошумча 3,2 миллион доллар берүүдө. Бул жардам июнь коогалаңынан жабыр тарткан үй-бүлөлөрдүн азык-түлүккө болгон муктаждыктарын камсыздоого жумшалмакчы. Бул программанын алкагында ун, буурчак, май же алардын баасына тете акчалай жардам 2011-жылынын июнь айына чейин берилип турат. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилигинен маалымдашты.

АКШнын эл аралык өнүгүү боюнча агенттиги (USAID) берип жаткан кошумча 3,2 миллион доллар каражаты менен азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо программасы боюнча көрсөтүлгөн жардам 13,2 миллион долларды түзөт. Андан сырткары, АКШ Айыл-чарба Департаментинин (USDA) “Мак-Говерн-Доул Фуд” каржылаган окутуу программасы боюнча дагы 3,2 миллион доллар бөлүнүүдө. АКШнын бул багыттагы жалпы жардамынын суммасы - 16,4 миллион доллар. (ZKo)

XS
SM
MD
LG