Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:10

Апрель окуясы боюнча сот 22-ноябрда өтөт


Бул тууралуу “Азаттыкка” Жогорку Соттун маалымат катчысы Бактыбек Рысалиев билдирди. Апрель окуясы боюнча соттук териштирүү 17-ноябрда башталган. Сот жүрүшүндө айыпталуучулардын адвокаттары кылмыш иши менен толук таанышуу үчүн сотту 40 күнгө жылдырууну өтүнүшкөн жана сотко ишенбөөчүлүк көрсөтүшөрүн билдиришкен. Буга нааразыланган жабырлануучулардын чатагын милиция токтоткон болчу. Бирок он беш адвокаттын колу коюлган өтүнүч менен сот таанышып чыккан соң, апрель окуясы боюнча сот кийинки дүйшөмбүдө уланарын жарыя кылган. 19-ноябрь күнү Кыргызстандын Ички иштер министрлиги апрель окуясы боюнча сот процессинде коопсуздукту камсыз кылуу үчүн милициянын мүмкүнчүлүгү толук жетет деп билдирип чыгышты.

7-апрелде куралсыз элге ок аткан, ок атууга буйрук берген деп 28 киши айыпталууда. Алардын ичинен мурдагы президент Курманбек Бакиев жана өкмөт башчы Данияр Үсөнов баштаган алты жогорку кызматкер эл аралык издөөдө. (ES)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG