Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:46

Кыргызстандык Бахадыр Кочкаров жогорку наамга көрсөтүлдү


Кыргызстандык Б. Кочкаров “Азиядагы мыкты судья-жардамчы” наамына көрсөтүлгөнү Азия футбол конфедерациясынын сайтында маалымдалды. Ушул эле номинацияда Түштүк Африкада өткөн футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатта Б. Кочкаров менен бирге калыс болгон өзбекстандык Рафаел Илясов да бар. Малазиянын борбору Куала-Лумпур шаарында Азия футболунун мыкты жетишкендиктери үчүн жыл сайын сыйлыктарын ыйгарган кезектеги аземине Бахадыр Кочкаров бүгүн учуп кетет. Бул тууралуу “Азаттыкка” Кочкаров өзү билдирип, эгер сыйлыкка татый турган болсо Кыргызстандын футбол тарыхында бул чоң жетишкендиктердин бири болот деп кошумчалады. Анын айтымында, Азия футбол конфедерациясына мүчө отуз эки мамлекеттин өкүлдөрү учурда жыйырма бир номинация боюнча мыктыларды аныктоодо. Сыйлык тапшыруу аземи 24-ноябрда өтөт. (ES)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG