Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:13

НАТО: күн тартибинде Ооганстан


НАТОнун Лиссабондо өтүп жаткан саммитинде бүгүн Ооганстан стратегиясы жана эл аралык контингентти чыгаруу перспективасы талкууланууда.

Бейпилдик күчтөрү коопсуздукту камсыздоо вазийпасын жергиликтүү аскерлерге 2014-жылга чейин өткөрүп берет деп мерчемделүүдө. Бирок НАТОнун жана АКШнын коргонуу боюнча айрым аналитиктери талиптердин кол салуулары күчөп жатканын белгилеп, ал мөөнөткө чейин аскерлерди алып кетүү ишке ашарынан күмөн санашууда.

Альянс Ооган армиясын үйрөтүү үчүн көбүрөк машыктыруучуларга муктаж экенин айтып келатат.

НАТОнун баш катчысы Андерс Фог Расмуссен бүгүнкү жыйында билдиргендей, ооган согушунун ийгилиги бүтүндөй дүйнө үчүн маанилүү:

- Ооганстандын терроризмге каршы күрөшүнүн глобалдуу стратегиялык мааниси өтө чоң. Анын ийгилиги ооган эли үчүн гана эмес, биз үчүн да маанилүү. Ошондуктан Ооганстан менен НАТО ортосундагы узак мөөнөттүү кызматташуу тууралуу макулдашууну көздөйбүз. Ал биздин согуштук миссиябыз аяктагандан кийин да улана берет.

Ооган президенти Хамид Карзай буга чейин НАТО жана АКШнын тактикасын, өзгөчө шектүү согушкерлерди табуу максатында жүргүзүлгөн түнкү рейддерди сындап келген. Ушу тапта ооган жергесинде 140 миңге чукул чет элдик жоокер кызмат өтөөдө. Алардын көбүн америкалык аскерлер түзөт.

Бийик жолугушуунун катышуучулары альянстын жакынкы 10 жылга мерчемделген стратегиялык доктринасын жактырышты. Баш катчы Расмуссен аны тарыхый учур деп сыпаттады:

- НАТО эркиндиктин, тынчтыктын, коопсуздуктун жана орток баалуулуктардын жападан жалгыз уюму. Бирок дүйнө өзгөрүүдө. Жаңы коркунучтар жана маселелер пайда болууда. Жаңы стратегиялык концепция НАТОнун тынчтыкты, коопсуздукту, бакубат жашообузду коргоодо эффективдүү механизм бойдон кала беришин камсыздайт.

Бүгүн альянстын лидерлери орус президенти Дмитрий Медведев менен сүйлөшүү өткөрүшөт деп күтүлүүдө. НАТО Европадагы ракетага каршы бирдиктүү системаны өнүктүрүү иштерине Орусияны тартууну көздөөдө. Андай системаны иштеп чыгуу жөнүндө саммиттин катышуучулары кечээ макулдашкан.

АКШ президенти Барак Обама Орусия жана НАТО бирдей коркунучтарга туш болуп жатканын белгиледи.

- НАТОго кирген европалык өлкөлөрдүн ошондой эле АКШнын аймактарын жана калкын коргоого кудуреттүү алгачкы антиракеталык система жөнүндө макулдашууга жетишкенибизге абдан кубанычтамын. Бул – мен былтыр жарыялаган антиракеталык системанын жаңы концепциясын ишке ашырууга карай маанилүү кадам болот. Долбоордо бардык шериктердин катышуусу каралган. Бул чөйрөдө Орусия менен кызматташууга үмүттөнөбүз. Себеби биз бирдей коркунучтарга туш болуудабыз.

Москва Американын Европада антиракеталык системаны орнотуу боюнча буга чейинки планына караманча каршы болуп келген. Орус бийлигинин ырастоосунда, ал Орусиянын улуттук коопсуздугуна коркунуч туудурмак.

Жаңы планда Орусия кандай роль ойнору азырынча белгисиз.

XS
SM
MD
LG