Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:45

НАТОго күйүүчү май тарткан ондогон унаа өрттөлдү


Пакистанда куралчан адамдар НАТО күчтөрүнө күйүүчү май тарткан ондогон машинаны өрттөп салышты. Окуя бүгүн Пешавар шаарынан алыс эмес жерде болду. Бул карасантайлык үчүн жоопкерчиликти эч ким өзүнө ала элек, бирок буга чейин ушундай эле кол салууларды талип согушкерлери ишке ашырып келишкен. Ооганстандагы бейпилдик күчтөрүнө жүк ташыган машиналар Пакистан аймагы аркылуу өтөт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG