Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:28

Апрель окуясы боюнча сот жараяны эртең уланат


Бул тууралуу “Азаттыкка” Жогорку Соттун маалымат катчысы Бактыбек Рысалиев билдирди. Апрель окуясы боюнча соттук териштирүү 17-ноябрда башталган. Сот жүрүшүндө айыпталуучулардын адвокаттары кылмыш иши менен толук таанышуу үчүн сотту 40 күнгө жылдырууну өтүнүшкөн жана сотко ишенбөөчүлүк көрсөтүшөрүн билдиришкен. Буга нааразыланган жабырлануучулардын чатагын милиция токтоткон болчу. Бирок он беш адвокаттын колу коюлган өтүнүч менен сот таанышып чыккан соң, апрель окуясы боюнча сот 22-ноябрда уланарын жарыя кылган.

7-апрелде куралсыз элге ок аткан, ок атууга буйрук берген деп 28 киши айыпталууда. Алардын ичинен мурдагы президент Курманбек Бакиев Минскиде. Кыргыз тараптын аны кайтарып берүү боюнча Белорусияга жолдогон кайрылууларынан майнап чыга элек. Мурдагы өкмөт башчы Данияр Үсөнов баштаган алты жогорку кызматкер болсо эл аралык издөөдө. (AzK)

XS
SM
MD
LG