Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:11

Азия оюндары: кыргыз балбаны күмүш байге алды


Кытайдын Гунжоу шаарында өтүп жаткан он алтынчы Азия оюндарында бүгүн грек-рим күрөшү боюнча жаштар арасында дүйнө чемпиону жана Азия чемпиону, кыргызстандык 55 кг. салмактагы Калыбек Жолчубеков алтын медаль үчүн жапон балбаны менен болгон таймашта жеңилип калганын Кытайдан спорттук баяндамачыбыз Кабыл Макеш кабарлады. Ошентип ал күмүш медаль менен калды. Бүгүн грек-рим күрөшү боюнча үч кыргызстандык спортчу мелдешке чыгып, экөө жеңилип, Калыбек Жолчубеков финалга чыккан болчу.

Кечээ велоспорт жарышында кыргызстандык спортчу Евгений Ваккер күмүш медалга жетип, кыргызстандык спортчулар үчүн байге эсеби ачылган. Ошентип бул оюндарда Кыргызстан азырынча эки күмүш байге гана алды.

Кытайдын Гуанжоу шаарында спорттун кырктан ашык түрү боюнча өтүп жаткан XVI Азия оюндарына Кыргызстандан 25 спорттун түрү боюнча 145 спортчу катышып жатат. (AzK)

XS
SM
MD
LG