Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:49

Санкт-Петербургда жолборсторду сактап калуу проблемасына арналган эл аралык форум башталды


Ага жолборстор байырлаган 13 өлкөнүн расмий өкүлдөрү катышууда. Кээ бир эксперттер жолборстор жок болуп кетүү коркунучуна туш болгонун айтып келатышат. Жыйындын делегаттары табигый шартта жашаган жолборстордун популяциясын 2022-жылга чейин эки эсеге көбөйтүү боюнча планды иштеп чыгышмакчы. Дүйнөлүк жапайы жаратылыш фондунун маалыматына ылайык, табигый шартта жашаган жолборстордун саны 3 миң 200гө гана жетет. Мындан 100 жылдай мурун алардын саны болжол менен 100 миң болчу. Токойлордун жок кылынышынан тышкары жырткычтын баалуу терисин, башка органдарын саткан аткезчилердин саны көбөйүүдө. Жолборстордун саны жалгыз Россияда өсүүдө. Азыр ал жерде 500дөй жолборс бар.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG