Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:53

Бүгүн Жогорку Кеңеште коалиция түзүү боюнча сүйлөшүү болушу мүмкүн


Бул туурасында "Азаттыка" “Ата Мекен” фракциясынын жетекчиси Өмүрбек Текебаев билдирди. Буга чейин “Азаттыкка” Социал-демократтар фракциясынын мүчөсү Чыныбай Турсунбеков өткөн жумада Социал-демократтар “Республика” жана “Ата Мекен” фракциялары менен өз-өзүнчө сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнүн жана коалиция куруу маселеси бул аптада чечилип калат деген үмүт бар экенин айткан. “Ата-Журт” партиясынынын лидерлеринин бири Мыктыбек Абдылдаев аларга коалиция түзүүнү колго алган Социал-демократтар партиясынан азырынча расмий сунуштар түшпөгөндүгүн, бирок бейформал сүйлөшүүлөр болуп жатканын айткан.

27-ноябрга чейин Жогорку Кеңешке өткөн 5 партия өз аара коалицияга биригип, Парламент төрагасын жана премьер министр башында турган өкмөттүн курамын түзүүсү керек. Президент Роза Отунбаева Социал-демократтарга коалиция түзүүнү сунуштап, эгерде коалиция түзүлбөй калса, 2-мүмкүнчүлүк “Ата Мекен” партиясына берилээрин белгилеген эле.(GA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG