Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:32

Апрель окуясы боюнча сот уланууда


Спорт сарайында өтүп жаткан соттук жараяндын башында сотко төрагалык кылып жаткан судья Жакыпбек Бектемиров өзүнө ишеним көрсөтпөө боюнча адвокаттардын өтүнүчүн четке каккан чечими менен тааныштырды. Андан кийин процесске президенттик администрациянын мурдагы жетекчиси Каныбек Жороев менен экс-президент Курманбек Бакиевдин катчылыгын жетектеп келген Оксана Малеванаянын эмне үчүн келбегенин тактоо максатында жыйырма беш мүнөттүк танапис жарыяланды. Сот процессинде тартипти эки жүздөн ашуун милиция кызматкери көзөмөлдөөдө.

7-апрель күнү куралсыз элге ок аткан, ок атууга буйрук берген деп айыпталып, 28 кишиге кылмыш иши козголгон. Алардын ичинен экс-президент Курманбек Бакиев уулу Марат Бакиев, иниси Жаныш Бакиев жана мурунку премьер-министр Данияр Үсөнов баштаган алты киши качып жүрөт, мурдагы коргоо министри Бактыбек Калыев, мамлекеттик күзөт кызматынын жетекчисинин орун басары Нурлан Темирбаев жана штаб башчысы Данияр Дунганов Коопсуздук кызматынын камагында, калгандары үй камакка чыгарылган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG