Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:12

Апрель окуясынын жабырлануучулары сотко өтүнүч келтирди


Алар бул окуя боюнча айыпталып, үй камагында жүргөн айыпталуучулардын баарын камакка алууну талап кылышууда. Буга бүгүнкү соттук процесске президенттик администрациянын мурдагы жетекчиси Каныбек Жороевдин, экс-президент К. Бакиевдин катчылыгын жетектеп келген Оксана Малеванаянын жана мурдагы баш прокурор Нурлан Турсункуловдун келбегени себеп болду. Аларды сотко катыштырууну мамлекеттик айыптоочулардан талап кылган сот бүгүн саат түшкү саат экиге чейин танапис жарыялады.

Айыпталуучулардын адвокаттары буга чейин өздөрүнүн жана айыпталуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу өтүнүчү менен сотко кайрылган эле. Апрель окуясы боюнча соттун Спорт сарайында өткөрүлүшүнө бир катар жергиликтүү бейөкмөт жана эл аралык уюмдар, АКШнын Кыргызстандагы элчилиги каршылык билдирген.

Апрель окуясы боюнча сот 17-ноябрда башталган. Ал күнү жабырлануучулар айыпталуучулардын жана алардын адвокаттарынын дарегине акаарат сөздөрдү айтып, кол көтөрүүгө чейин барганы кабарланган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG