Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:55

Эмилбек Каптагаевди Иран президенти кабыл алды


Кыргыз президентинин администрациясынын башчысы Эмилбек Каптагаев 21-ноябрда Иранга жасаган иш сапары учурунда президент Махмуд Ахмадинежаддын кабыл алуусунда болуп, ага мамлекет башчы Роза Отунбаеванын катын тапшырды. Катта Кыргызстан Иран менен экономикалык, маданий жана регионалдык иштер боюнча кызматташууга кызыкдар экендиги жазылган. Иран президенти эки тараптуу кызматташууну кубаттады. Президент Махмуд Ахмадинежад “Иран Кыргызстанда тынчтык жана туруктуулуктун камсыздалышын колдойт”, - деп билдиргенин Ирандын ИРНА маалымат агенттиги жазып чыкты.

Бул маалыматты Кыргызстандын президенттик администрациясынан да “Азаттыкка” тастыкташты, басма сөз кызматынын ырасташынча Эмилбек Каптагаевдин Иранга иш сапары 20-21-ноябрда болуп, кечээ кечинде Кыргызстанга кайтып келди.(ZKo)

XS
SM
MD
LG