Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:42

Сотко келбегендер камакка алынмай болду


Бул тууралуу апрель окуясы боюнча сотко төрагалык кылып жаткан Жакыпбек Бектемиров чечим чыгарып, президенттик администрациянын мурдагы жетекчиси Каныбек Жороевдин, экс-президент Курманбек Бакиевдин катчылыгын жетектеп келген Оксана Малеванаянын жана мурдагы Баш прокурор Нурлан Турсункуловдун баш коргоо чарасын өзгөртүп, Улуттук коопсуздук кызматынын абагына камоону өкүм кылды. Ушул тапта апрель окуясы боюнча сот уланып жатат.

Апрель окуясы боюнча соттук териштирүү 17-ноябрда башталган. Бул окуя боюнча 7-апрель күнү куралсыз элге ок аткан, ок атууга буйрук берген деп айыпталып, 28 кишиге кылмыш иши козголгон. Алардын ичинен экс-президент Курманбек Бакиев уулу Марат Бакиев, иниси Жаныш Бакиев жана мурунку премьер-министр Данияр Үсөнов баштаган алты киши качып жүрөт, мурдагы коргоо министри Бактыбек Калыев, мамлекеттик күзөт кызматынын жетекчисинин орун басары Нурлан Темирбаев жана штаб башчысы Данияр Дунганов Коопсуздук кызматынын камагында, калгандары үй камакка чыгарылган.

Бүгүнкү сот процессине, президенттик администрациянын мурдагы жетекчиси Каныбек Жороев, экс-президент К. Бакиевдин катчылыгын жетектеп келген Оксана Малеваная жана мурдагы Баш прокурор Нурлан Турсункулов келген жок, мамлекеттик айыптоочулар алардын туруктуу жашаган жеринде жоктугун белгилеп, баш коргоо чарасын өзгөртүүнү соттон өтүнүшкөн.(ZKo)

XS
SM
MD
LG