Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:48

Чек ара кызматы: Үй камагындагылар чек арадан өткөн жок


Бул тууралуу “Азаттыкка” Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызмат алдындагы чек ара кызматынын колбашчы орун басары Чолпонбек Турусбеков маалымдады. Анын айтуусунда, Кыргызстандын чек араларындагы өткөрүү пункттарынан Каныбек Жороев, Оксана Малеваная жана Нурлан Турсункулов аттуу адамдар өткөн эмес. Алар эч жакка кетпөө тууралуу тил кат бергенине байланыштуу апрель айында эле Кыргызстандын сыртына чыгарылбасын деген көрсөтмө чек арачыларга берилген. Чолпонбек Турусбеков апрель окуясы боюнча айыпталып, сотко келбей, жашаган жери белгисиз болуп жаткан бул адамдардын Кыргызстандан учак, темир жол аркылуу өтпөгөнү да маалымдыгын, алар дипломаттык жолдор менен да өтүп кете алышмак эместигин кошумчалады.

Апрель окуясы боюнча айыпталып, сот жоопкерчилигине тартылып жаткан президенттик администрациянын мурдагы жетекчиси Каныбек Жороев, экс-президент Курманбек Бакиевдин катчылыгын жетектеп келген Оксана Малеваная жана мурдагы Баш прокурор Нурлан Турсункулов бүгүнкү сот процессине келбегендиктен, сот алардын баш коргоо чарасын өзгөртүп, камакка алуу чечимин чыгарды.(ZKo)

XS
SM
MD
LG