Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:51

Ч. Турусбеков: Сотко келбеген айыпталуучулар чек арадан өткөн эмес


Чолпонбек Турусбеков
Чолпонбек Турусбеков

УКМК алдындагы Чек ара кызматынын башчысынын орун басары Ч. Турусбеков үй камагындагы мурдагы бийликтин үч төбөлү өлкөдөн чыкпаганын айтууда.

- Чолпонбек мырза, апрель окуясы боюнча бүгүнкү сотто үй камагындагы үч айыпталуучу: Оксана Малеваная, Каныбек Жороев жана Нурлан Турсункуловдун дайыны чыкпай атканы белгилүү болду. Бул кишилер чек арадан өтүп кеткен жокпу?

- Бул үч адам Бишкек шаарында болушуп, буга чейинки сот ишине катышкан. Биз алган маалыматтар боюнча, бүгүнкү процессте жок экен, анан бизге кайрылуулар болду өткөрүү пункттардан өтүштүбү, же жокпу деп. Азыркы күндө Чүй аймагында жайгашкан Казакстан менен чек ара өткөрүү бекеттеринен мындай адамдардын өтүүсү такталган эмес. Азыр биз тастыктоо жумуштарын дагы бир сыйра жүргүзүп, жалгыз эле Чүй, кыргыз-казак чек арасы эмес, башка дагы аймактарды карап атабыз. Бүгүнкү күндө Өзбекстан менен өткөрмө жайлардын баары жабык. Тажикстан менен да иштеп, чек араны изилдеп, караштырып атабыз. Бирок чек арадагы өткөрүү пункттардан бул үч адамдын өтүшү мүмкүн эместигин, демек өтпөгөнүн расмий түрдө айта алабыз. Тастыктоо, изилдөө жумуштары да болуп атат. Аба майданы, темир жол аркылуу да мамлекеттик чек арадан булар өткөн жок. Азыр автоунаа жана жөө жүрүүчүлөрдү өткөрүү пункттарын да караштырып атабыз.

- Негизи эле чек ара кызматына ушул үч кишни өлкөдөн чыгарбоо жөнүндө тапшырма берилген да буга чейин?


- Апрель айында эле берилген.

- Алар дипломаттык кызматтардын жардамы менен чыгып кетиши мүмкүн деген сөздөр да айтылып атат. Бул жагы дагы иликтенеби?

- Дипломаттык кызматтарда иштеген жарандар алып кеткен учурда дагы бары бир мамлекеттик чек арадан өтүшөт, чек арадан өтүп атканда дипломаттардын дагы паспорттору текшерилет. Бирок алардын өзүнчө эрежеси бар. Булар дипломаттар менен өтүп бараткан күндө да алардын документтерин текшеребиз. Андай болушу мүмкүн эмес. Биз азыр изилдеп атабыз.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG