Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:48

Спорт сарайындагы сотто башаламандык чыгаргандарга чара көрүлөт


ИИМ бүгүн тараткан билдирүүгө ылайык, 17-ноябрда Спорт сарайындагы сот процесси учурунда башаламандык кылгандарга мыйзам боюнча чара көрүлөт. “Мындан тышкары апрель окуясы боюнча соттук териштирүү учурунда тартипти сактоо үчүн бардык чаралар көрүлөт. Сот процесси жүрүп жаткан учурда имараттын ичи-сыртында кошумча кайгуул-күзөт кызматтары иштей турганын, ал эми жол коопсуздугун камсыздоо максатында Спорт сарайы жайгашкан Тоголок Молдо көчөсү Чүй көчөсүнөн Фрунзе көчөсүнө чейин, Рыскулов көчөсү Тоголок Молдо көчөсүнөн Исанов көчөсүнө чейин жабылат. Коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоого милицияда бардык ресурстар жетиштүү”, - деп айтылат билдирүүдө.

17-апрель күнү Спорт сарайында апрель окуясы боюнча сот болуп жаткан учурда жабырлануучулардын жакындары айыпталуучулар менен алардын адвокаттарынын дарегине акаарат сөздөрдү айтышып, кол көтөрүүгө чейин барганы кабарланган.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG