Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:40

Сот үй камагына чыгарылгандардын баарын камоодон баш тартты


Апрель окуясы боюнча айыпталып, үй камагына чыгарылган 16 кишинин баш коргоо чарасын өзгөртүү тууралуу жабырлануучулардын адвокаты берген өтүнүчтү четке каккан чечимин сот аз убакыт мурда тааныштырды. Бул тууралуу сотко катышып жаткан кабарчыбыз маалымдады. Аперль окуясы боюнча айыпталып, үй камагына чыгарылган үч киши: президенттик администрациянын мурдагы жетекчиси Каныбек Жороев, экс-президент Курманбек Бакиевдин катчылыгын жетектеп келген Оксана Малеваная жана мурдагы Баш прокурор Нурлан Турсункулов бүгүнкү сот процессине катышкан жок. Алардын дайыны белгисиз болуп жатканына байланыштуу сотко төрагалык кылуучу Жакыпбек Бектемиров үчөөнүн тең баш коргоо чарасын өзгөртүп, издөө жарыялоону жана аларды кармап, Коопсуздук кызматынын абагына камоо тууралуу чечимди бүгүн чыгарды.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG