Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:06

АКШ Пхеньяндын кадамын "бузукулук" деп билет


АКШнын атайын чабарманы Стивен Босуорт Пхеньяндын уранды байытуу боюнча жасаган акыркы кадамдарын “бузукулук” деп атады. Босуорт 22-ноябрда Сеуалда Түштүк Кореянын жетекчилери менен болгон сүйлөшүүдөн кийин Түндүк Кореянын уранды байытуусу жөнүндөгү кабарга Вашингтон кыжаалат экенин билдирди:

-Бул албетте, көңүл калтырчу күтүүсүз жаңылык. Бул КЭДРдин (Корея Элдик Демократтык Республикасы) кезектеги бузукулугу. Бирок мен муну кризис деп атоого болбосун баса белгилейм. Бизди бул кабар таң калтырган жок.


Америкалык илимпоз Зигфрид Хекер жакында түндүк кореялык чиновниктер ага уран байытуучу ондогон жабдуулар орнотулган ишкананы көрсөткөнүн маалымдаган. АКШ Коргоо министри Роберт Гэйтстин сөзүнчө, жаңы ишкананын ачылышы Пхеньян ядролук бомбанын жаңы дүрмөтүн жасаганга чукул калганын күбөлөйт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG