Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:18

Украиндер келечекте Евробиримдикке визасыз каттачу болот


Украина жана Евробиримдик украиндердин Биримдикке мүчө 27 өлкөгө визасыз каттоосуна жол аччу келишимдин шартын макулдашты. Келишим президент Виктор Януковичтин Брюсселдеги визити маалында түзүлдү. Ага ылайык, Киев чек ара көзөмөлүн, миграция жана баш паанек берүү саясатын олуттуу жакшыртып, жарандардын паспортторун Европалык стандартка ылайык коргоого тийиш. Еврокомиссиянын төрагасы Хосе Мануэл Баррозу украиналык жарандардын укуктарынын бузулганы Биримдикти тынчсыздырганын айтып, береги талаптарды аткаруунун ийгилиги Киевтин демократия менен мыйзамдуулуктун жалпы европалык принциптерин кармануусуна жараша болорун эскертти.

XS
SM
MD
LG