Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:22

Коуэндин сөзү евронун кунун көтөрдү


Европа Биримдиги менен эл аралык валюта корунун Ирландияга финансылык жардам көрсөтүү боюнча чечимин Европанын баалуу кагаздар рыногуна оң таасир этти. Акыркы күндөрү кубаты качып бараткан евроакчанын наркы дагы кайра өстү. Мурда эки анжы болуп турган Ирландиянын премьер-министри Брайан Коуэн жекшемби күнү анын өкмөтү Евробиримдик менен Эл аралык валюта корунан азы 100 миллиард евро жардам сурарын жар салган. Евромейкиндикке кирбеген Британия менен Швеция да Ирландияга 11 миллард евро карызы бериши ыктымал экенин билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG