Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:40

Д.Медведев: Европаны "аскерий жоопкерчиликтин аймактарына бөлүш керек"


Орусиянын президенти Дмитрий Медведев Европаны ракета жапырыктарынан коргош үчүн “аскерий жоопкерчиликтин секторлоруна” бөлүүнү сунуштады. Медведев бул туралуу НАТОнун саммитин жыйынтыктаган сүйлөшүүдө айтты. Орусиядагы “Коммерсант” басылмасы атын атабаган дипломатка шилтеме жасап: “Москва биздин аймак аркылуу Европага уча турган кандай гана объект болбосун, атып түшүрүүгө мүмкүнчүлүгү жетет”, - деп айтканын жазган. Анткен менен АКШнын НАТОдогу өкүлү Иво Даалдер “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып, Орусия менен НАТОнун кызматташтыгына байланыштуу түрдүү варианттар каралып жатканын, бирок НАТОго мүчө эмес бир да мамлекет альянстын ишине вето сала албай турганын, же маанилүү чечимдерди кабыл ала албай турганын билдирди.

XS
SM
MD
LG