“Ар-Намыс” партиясынан “Азаттыкка” маалымдашкандай, социал-демократтардын лидери Алмазбек Атамбаев “Ар-Намыс”, “Республика” жана КСДП болуп коалиция түзүү сунушу менен Феликс Куловго кайрылды. “Ар-Намыстын” төрагасы бул сунушту жалпы фракция менен талкуулап, жообун жакынкы күндөрү билдирерин маалымдаган. Ф. Кулов өз кезегинде кеңейтилген коалиция түзүү тууралуу өзүнүн сунушун да СДПнын лидерине билдирген.
Социал-демократтардын лидери Алмазбек Атамбаев бүгүн “Ата Журт” фракциясынын башчысы Акматбек Келдибеков менен жолугушары күтүлүүдө. Бул тууралуу “Азаттыкка” СДПнын координатору Фарид Ниязов кабарлады.
Президент Роза Отунбаева коалиция түзүү мүмкүнчүлүгүн 11-ноябрда Социал-демократиялык партияга тапшырган. Коалиция түзүүнүн мыйзамдуу мөөнөтү ушул жуманын соңунда аяктайт.(ZKo)