Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:16

Коалиция түзүү мүмкүнчүлүгү тууралуу А. Атамбаев менен Ф. Кулов жолукту


Социал-демократтар партиясынын лидери Алмазбек Атамбаев «Ар Намыс» партиясынын төрагасы Феликс Кулов менен жолугушуп, Жогорку Кеңеште коалиция түзүү маселеси боюнча сүйлөштү. СДП маалымат кызматы эки партия лидери парламенттеги кызматташуу тууралуу мүмкүнчүлүктөрдү карап, маселени фракцияларда талкуулоо чечимине келишти. Жогорку Кеңеште коалиция түзүү мандатын алган А. Атамбаев буга чейин “Республика” партиясынын лидери Ө.Бабанов жана “Ата Мекен” партиясынын жетекчиси Ө.Текебаев менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.

Буга чейин Социал-демократтар партиясы “Республика” жана “Ата Мекен” фракциялары менен парламентте коалиция түзүү тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканы маалымдалган. 27-ноябрга чейин Жогорку Кеңешке өткөн 5 партия өз ара коалицияга биригип, парламент төрагасын жана премьер-министр башында турган өкмөттүн курамын түзүүсү керек. (GA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG