Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:23

Апрель окуясы боюнча күнөлүүлөрдүн айыбы угузулууда


Спорт сарайында уланып жаткан сотто мамлекеттик айыптоочулар апрель окуясы боюнча күнөөлөнүп жаткандардын айыбын угуза башташты. Ушул тапта мурдагы премьер-министр Данияр Үсөновго коюлган айып тууралуу маалымат берилүүдө. Буга чейин экс-президент Курманбек Бакиевдин айыбы угузулган. Белгилүү болгондой булар экөө тең апрель окуясынан кийин Кыргызстандан сыртка чыгып кетишкен, аларга айыбы сырттан тагылып, Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык сырттан соттолот. Апрель окуясы боюнча айыптар сырттан тагылып жаткандардын катарында Коопсуздук кызматынын мурунку төрагасы Мурат Суталинов, анын орун басары, экс-президенттин уулу Марат Бакиев, иниси Жаныш Бакиев, “Арстан” атайын кызматынын башчысы Байыш Эсенбай уулу бар. Алардын катарын кечээтен бери дагы үч чиновник: президенттик администрациянын мурдагы башчысы Каныбек Жороев, экс-президенттик катчылыктын жетекчиси Оксана Малеваная жана мурдагы баш прокурор Нурлан Турсункулов толукташты. Булардын баарына издөө жарыяланып, кармалган жерден камакка алуу тууралуу өкүм чыгарылган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG