Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:47

Санпа окуясына тиешелүүлөрдүн бардыгын өмүр бою кесүү талап кылынууда


Санпа окуясынын жабырлануучулары процесс өтүп жаткан сот залына талаптар жазылган плакаттарын көтөрүп келишкен. Анда “Күнөөлүүлөрдүн баары өмүр бою эркинен ажыратылсын!”, “Аблязов, Гафуров жана Жалалов Санпа окуясынын уюштуруучулары, командирлери” деген жазуулар бар. Ошондой эле жабырлануучулар июнь окуясынын чыгышына убактылуу өкмөттүн да тиешеси бар деген пикирлерин айтышууда.
Бүгүнкү сот процессинде эки соттолуучуга сөз берилди. Алар Санпа окуясы боюнча ишке тиешеси жоктугун билдиришип, жеңилдетилген жаза чегерүүсүн соттон өтүнүштү. Сот өкүм чыгаруу үчүн саат 16:00 чейин убакыт сурап, кеңешүү бөлмөсүнө кетти.(ZKo)

XS
SM
MD
LG