Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:42

Борбор калааны Манастын атына которуу демилгеси көтөрүлдү


Бул демилгени “Манас киноэпопея” эл аралык уюму көтөрүп чыкты. Аталган уюм учурда тарых музейинде “Манас” мыйзамынын долбоорун талкуулоодо. Бул долбоор кыргыздын улуттук идеологиясын Манастан баштоону, Манас тууралуу фильмдерди тартуу, "Манас" ишканасын ачып, ага окумуштууларды, коомдук интеллигенциянын өкүлдөрүн тартууну сунуштайт. “Манас киноэпопея” эл аралык уюмун коомдук ишмер Топчубек Тургуналиев жетектейт.

Кыргызстандын борбор шаары Пишпек калаасы 1926-жылы белгилүү советтик революционер Михаил Фрунзенин атына которулган. 1990-жылы Жогорку Кеңеш тарабынан борбор калаага Бишкек баатырдын атын коюу тууралуу чечим кабыл алынган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG