Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:44

Кызыл-Кыяда уранды алдында калган кенчи куткарылды


Үч күндөн бери уранды алдында жаткан 46 жаштагы Колдош Темирбердиевдин абалы жакшы, ооруканага жеткирилди деп билдирди өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Абдышарип Бекилов. Анын айтуусунда, шахтерду куткаруу үчүн куткаруучулар дээрлик 4 тоннага жакын топурак-таш, көмүрдүн майдасын сыртка алып чыгышты.
46 жаштагы Колдош Темирбердиев Кызыл-Кыя шаарындагы Жин-Жеген көмүр шахтасында 40-50 метр тереңдикте калып кеткен. Аны куткарууга Кызыл-Кыя жана Көк-Жаңгак тоо-кен куткаруу кызматынан 26 адис, жергиликтүү 10 тургун тартылган эле.(ZKo)

XS
SM
MD
LG