Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:47

СПИДдин жайылуу арымы басаңдады


Улуттар Уюмунун СПИДге каршы күрөшүү программасы жарыялаган маалыматтарга ылайык, ВИЧ вирусун жуктурган адамдардын саны соңку беш жылда 20 процентке азайды. Ал эми СПИДден жана ага байланышкан оорулардан өткөн жылы 1 миллион 800 миң киши көз жумду. Бу көрсөткүч да мындан беш жыл мурдагыдан 300 миңге аз. Африканын Сахара чөлүнөн төмөнкү аймактагы өлкөлөр баштагыдай эле бул илдет кеңири жайылган чөлкөм бойдон калды, бирок абал акырындап жакшыра баштады. Ал эми Чыгыш Европа менен Борбор Азияда, анын ичинде Россия менен Украинада илдетке чалдыккандар саны кескин өсүп баратат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG