Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:52

Израил парламенти жаңы мыйзам долбоорун жактырды


Анда Израилдин суверенитетине караган аймактардан баш тартуунун шарттары аныкталган. Документте мындай аймактарды өткөрүп берүү маселеси атайын референдумдун жыйынтыгы же депутаттардын үчтөн экиси колдогон учурда гана чечиле турганы айтылат. Кеп баарыдан мурда Голан дөңсөөсү менен Чыгыш Иерусалим жөнүндө болуп жатат. Премьер-министр Бинямин Нетаняху мындай кадам келечекте "жоопкерчиликсиз келишимдердин" түзүлүшүнө каскак болорун билдирди. Палестин жетекчилигинин өкүлдөрү болсо чечимди сынга алышты жана аны эл аралык мыйзамдарды "шакаба чегүү" деп аташты.

XS
SM
MD
LG