Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:49

Көзөмөл бар, ишенич акталабы?


Көп акчаны аңдыгандар да көп.
Көп акчаны аңдыгандар да көп.

Мамлекеттик мекемелердин ишмердүүлүгүн көзөмөлдөй турган байкоочулар кеңеши 23-ноябрдан тарта расмий ишке киришти.

Өлкө президенти Роза Отунбаева байкоочу кеңештердин төрагалары жана айрым министрлер менен болгон жолугушууда жаңы бийлик коррупцияга каршы жарандык коом менен бирдикте кеңири күрөш баштаганын жар салды.

Бул кеңеш мамлекеттик органдардагы коррупцияга каршы күрөшүү, каражаттардын туура сарпталып жатышына коомдук көзөмөлдү орнотуу максатында түзүлгөн. Ар бир министрликтин үстүнөн көзөмөл кыла турган кеңеш кеминде он кишиден туруп, анын мүчөлөрү ар кыл багыттагы серепчилер, адистер болууга тийиш.

Президент Роза Отунбаеванын ырасташынча, аталган органдын мүчөлөрү коомчулуктун катышуусу менен түзүлгөн атайын комиссия тарабынан тандалып алынды. Президент мындай иш-аракет мамлекеттик органдар менен элдин ортосундагы байланышты күчөтүү максатын көздөрүн айтты:

- Мекендештер, биздин салык төлөөчүлөр бюджеттик акча кандай колдонулуп, чет өлкөдөн жардам катары келип жаткан акча кайда коротулуп жаткандыгын билүүгө укуктуу. Мамлекеттик каражаттардын ачык сарпталышын камсыз кылышыбыз керек. Мурда эл аралык канчалаган гранттар келди эле. Алар кумга сепкен суудай болуп кайда жана кандай максатта жумшалганын эч ким билбей калды.

Президент Роза Отунбаева эгер бул саамалык 2012-жылга чейин оң жыйынтыктарды берсе, анда бардык аткаруу бийлигинин астында ушундай байкоочу кеңештерди түзүү аракети болорун кошумчалады.

Мамлекеттик архитектура жана курулуш агенттигинин байкоочу кеңешинин мүчөсү Калича Умуралиева мамлекеттик органдарды коомчулук тарабынан көзөмөлгө алуу үчүн чоң мүмкүнчүлүктөр түзүлгөнүн айтат.

- Мурун бир министрликтен маалымат алуу үчүн "бергилечи бул проектти" деп кечке жүрчүбүз, бирок министрлик берчү эмес. Ал эми азыр байкоочу кеңеш тууралуу жободо жазылып турат. Мамлекеттик мекемелер маалыматтарды байкоочу кеңешке берип турууга милдеттүү деп. Ошондуктан азыр жок дегенде мааламыт алып турганга мүмкүнчүлүктөр көбөйдү.

Орун алмашуудан сумма өзгөрбөйт

Деген менен айрым серепчилер байкоочу кеңеши деле кайсы бир кызыкчылыкты көздөп, кайсы бир тараптын камчысын да чабары ажеп эмес экенин айтып келет. Бирок президенттик администрация жетекчисинин орун басары Муктар Жумалиев мындай көрүнүштү алдын алуу жолу катары коомдук көзөмөл органдын катарына массалык маалымат каражат өкүлдөрү кошулганын жана байкоочу кеңештин мүчөлөрү алмашып турарын белгиледи.

- Байкоочу кеңеш түзүүнүн негизги идеясы чечимдерди кабыл алууда жана министрлик тарабынан ресурстарды колдонууда ачыктыкты камсыздоо болуп эсептелет. Себеби ачыктык маселеси эң көйгөйлүү маселелердин бири болуп келет. Ошондуктан байкоочу кеңеште кызуу талкуулар болуп, туура чечимдер кабыл алынып турушу үчүн анын курамына адиси да, адис эмеси да киргизилди. Кыскасы коомдун бардык катмарынан өкүлдөр алынды.

Президенттин байкоочулар кеңештери жана министрлер менен болгон жолугушуусуна БУУ, Евробиримдик сыяктуу ири эл аралык уюмдардын өкүлдөрү да келип катышты. Алар мындай саамалыкка оң баасын берип, аткаруу бийлигине коомчулуктун көзөмөлүн орнотуу демилгесин толук колдой турганын билдиришти. Бириккен Улуттар уюмунан өкүл Фиона Фрейзер буларга токтолду.

- Менимче бул абдан маанилүү иш-чара. Себеби мамлекетти ийгиликтүү башкаруу коомчулук менен бийликтин ортосунда баарлашуудан көз каранды.

Он министрликтин алдында түзүлүп жаткан байкоочу кеңештин мүчөлөрү коомдук башталышта иштеп, айлык маяна алышпайт. Коомчулукта болсо мындай көрүнүш байкоочулардын көз карандысыздыгын сактап, чечимдердин бейтарап болушун камсыздайт деп айтылууда. Бирок коррупция менен күрөшүүгө багыт алган мындай демилге кандай майнап берери азырынча белгисиз.

XS
SM
MD
LG