Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:41

Апрель окуясы боюнча сот уланууда


Мамлекеттик айыптоочулар соттолуучуларга тагылган айыптар менен тааныштырууну улантышты. Ага ылайык, мамлекеттик күзөт кызматынын штаб башчысы Данияр Дунгановго жетекчиси Жаныш Бакиевдин мыйзамсыз буйруктарын аткарып, мамлекеттик күзөт жана “Альфа” атайын кызматынын кызматкерлерине “Өкмөт үйгө кирүүгө аракеттенген куралсыз элге ок атууга буйрук берген” деген айып тагылды.

Данияр Дунганов өзүнө тагылган айыптарды мойнуна албасын билдирди.

7-апрелде куралсыз элге ок аткан, ок атууга буйрук берген деген айып 28 кишиге коюлган. Булардын ичинен мурдагы коргоо министри Бактыбек Калыев менен мамлекеттик күзөт кызматынын штаб башчысы Данияр Дунганов абакта отурушат. Он алтысы үй камагына чыгарылган. Ал эми экс-президент Курманбек Бакиев баш болгон мамлекеттик жогорку деңгээлдеги мурунку тогуз чиновник Кыргызстандан качып кетишкен. (ZKo)

XS
SM
MD
LG