Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:50

“Санпа” окуясы боюнча сот өкүмү чыкты


Сузак райондук сотунун көчмө жыйыны 13-июндагы каргашалуу окуя боюнча өкүм чыгарып, 19 айыпталуучунун 17синин үй-мүлкүн мамлекет пайдасына чегерүү менен өмүр бою абакка кескенин аймактагы кабарчыбыз Ырысбай Абдыраимов кабарлады. Мурда Сузактагы Москва колхозун жетектеп келген Усманжан Аблазов менен дагы бир айыпталуучу Фуркатбек Абдужаборов 25 жылга эркинен ажыратылып, сот булардын да үй-мүлкүн мамлекет пайдасына чегерүүгө өкүм кылды. Кабарчыбыздын суроолоруна жооп берген жактоочулардын экөө соттун мындай өкүмүнө макул эместигин, облустук сотко апелляциялык арыз жолдонорун билдирди.

Кыргызстандын түштүгүндөгү жайкы коогалаң учурунда, 13-июнь күнү Бишкек-Ош жолунун боюндагы пахта иштетүүчү “Санпа” заводунун жанында 500-600 киши чогулуп, ары-бери өткөн унааларды аткылашкан. Натыйжада он киши мерт болуп, эки адам дайынсыз жоголгон. (GA)

XS
SM
MD
LG