Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:41

Ооганстан: БШК 24 талапкердин добушун жараксыз деп тапты


Бүгүн ооган бийликтери 18-сентябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жарыялайт. Бирок Көз карандысыз шайлоо комиссиясынын төрагасы Фазыл Ахмад Манави: "Шайлоо комиссиясы 24 талапкердин добуштарын жараксыз деп таап, аларды тизмеден чыгарды. Алардын ордун башка талапкерлер ээледи. Даттанууларды текшерчү комиссия 1153 шайлоо участкасынын жыйынтыгын жана баштапкы тизмедеги үч талапкердин ысмын жарыялады. Алар өз ыктыяры менен кетишпегендиктен, комиссия алардын жеңишин жокко чыгарды", - деп маалымдады.

БШК добуштарды кайра саноо маалында 1,3 миллион добушту, же жалпы добуштардын төрттөн бирине жакынын жараксыз деп тапты. Газни провинциясы боюнча добуштар дале саналып бүтө элек.

XS
SM
MD
LG