Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:39

Жаңы Зеландия: 29 кенчи тең өлдү деп жарыяланды


Жаңы Зеландиянын “Пайк Ривер” кенинде жума күнү болгон жардырууда жумуш ордунда камалып калган 29 кенчи набыт болгону ырасмий түрдө маалымдалды. Бүгүн көмүр кенинде экинчи жарылуу болгон. Премьер-министр Жон Кей кенчилердин өлүмүн “улуттук трагедия” деп атады:

-“Пайк Ривер” кениндеги экинчи жардыруу биз чочуган жаман окуя болгонун тастыктады. Ысымдары жана жүздөрү баарыбызга белгилүү 29 адам эми эч качан бизге кошулуп баспайт. Бул - улуттук трагедия. Бул алардын үй-бүлөлөрүнүн, кесиптештеринин, досторунун, жамааттын жана өлкөнүн трагедиясы.

Кендеги биринчи жардыруунун себеби алиге тактала элек. Метан газы жеңил жарылгандыктан куткаруучулар кендин ичине кире албай жатышат.

XS
SM
MD
LG