Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:53

Токмокто өлкө аймактарынан келген аялдардын форуму өтөт


25-26-ноябрда Улуттар уюмунун Өнүктүрүү программасынын Тынчтык жана өнүгүү программасы Эл аралык толеранттуулук күнүнө карата «Бейкуттукту жаратууда аялдардын ролу» деген аталыштагы аймактык форум өткөрөт. Бул тууралуу Улуттар Уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү маалымдайт.

Эки күндүк форумдун максаты гендердик теңсиздик маселесине коомчулуктун көңүлүн буруу, бейкуттукту жаратуучу аял-активисттердин тармагын түзүү, өлкөдө тынчтыкты камсыз кылууда жарандык коомдун жана аялдар уюмдарынын тажрыйба алмашуусу, өлкөдө тынчтыкты камсыз кылууда аялдардын катышуусуна тоскоол болгон маселелер талкууланат.

Токмок шаарында өтө турган аймактык форумга Эмгек, калкты иш менен камсыз кылуу жана миграция министрлигинин, облустук администрациялардын,Талас, Ысык Көл, Нарын, Чүй облустарындагы аялдардын активдүү уюмдары, Улуттар уюмунун Өнүктүрүү программасынын өкүлдөрү катышат.

Ушул эле күнү Токмок шаарында «Аялдарга карата зомбулукту токтотобуз» деген 16 күндүк иш-чара башталат. Иш чаранын катышуучулары өлкө калкын тынчтык менен туруктуулукка чакырып, бейкуттуктун символу болгон ак жоолуктарды таратат.

XS
SM
MD
LG