Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:00

КТРК байкоочулар кеңеши башкы директорлукка талапкерлер менен жолугушат


Бүгүн саат 10до башталчу ачык жолугушууда сынакка катыша турган талапкерлердин тизмеси, сынактын шарты менен тартиби жарыяланат. Байкоочулар кеңештин төрайымы Элвира Сариева «Азаттыкка» бул жолу байкоочу кеңеш сынактын эрежелерин өзгөрткөнүн билдирди.

«Чоң жыйында бүт талапкерлерге УТРКны Коомдук телерадиого реформалоо боюнча атайын бизнес кэйс (тапшырмалар) берилет. Анда маселен санариптик берүүгө өтүү системасы, УТРКнын менежмент системасы жана каржы (финансы) системасы, журналистиканы өнүктүрүү жолдору боюнча тапшырмалар берилет. Талапкер ошол бизнес кэйсти алып, даярданып, анан презентация өңдүү кыскача, он-он беш мүнөт баяндама (доклад) кылат. Ошол докладдан кийин талапкерге суроолор берилет” деди Э.Сариева.

Сынак бир баскычта, ачык түрдө өтөт, байкоочулар кеңештин мүчөлөрү жеңүүчүнү тандоодо жабык добуш берет.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG