Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:46

КТРК жетекчиси үчүн сынакта 18 талапкер ат салышат


Бүгүн Коомдук телерадио корпорациясынын Байкоочу кеңеши КТРКнын жетекчилиги үчүн сынакка катышып жаткан талапкерлер менен жолугушту. Анда талапкерлерге оозеки сынакка чейин аталган телерадио корпорацияны өнүктүрүү боюнча иш-пландары тууралуу бизнес-кейс жазып келүү тапшырмасы берилди. Иш-пландар 28-ноябрга чейин берилиши керек. Андан кийин 30-ноябрь жана 1-декабрь күнү оозеки сынак башталат.

Баш деректирликти тандоо боюнча биринчи сынак үзгүлтүккө учураган болчу. Ага 20 талапкер катышып, Байкоочу кеңештин жашыруун добушу менен экс-президент Курманбек Бакиевдин катчылыгында иштеген Илим Карыпбеков жеңген эле. Мунун айынан Байкоочу кеңештин ичинде жана КТРКда нааразылыктар жаралган. Натыйжада И. Карыпбеков талапкерлигин өз ыктыяры менен алып салган. Байкоочу кеңеш болсо бул сынактын жыйынтыгын жокко чыгарып, ноябрь айынан тарта жаңы сынак жарыялган болчу. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG