Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:43

Соттон качкан мурдагы төбөлдөрдөн дайын жок


Мурдагы бийликтин үч төбөлүнүн дайынсыз жоголушу апрель окуясы боюнча 22-нноябрдагы сот ишинде белгилүү болгон.
Мурдагы бийликтин үч төбөлүнүн дайынсыз жоголушу апрель окуясы боюнча 22-нноябрдагы сот ишинде белгилүү болгон.

7-апрель окуяларына катыштыгы бар деп айыпталган Каныбек Жороев, Оксана Малеваная жана Нурлан Турсункуловдун кайда экени дале белгисиз.

Бул туурасында “Азаттыкка” Башкы прокуратуранын уюштуруучу инспекциялык башкармалыгынын жетекчиси Сумар Насиза билдирди.

Соттон качкандар өлкөдөн чыгып кеттиби?

Такталбаган маалыматтарга караганда, алар чет мамлекеттерге чыгып кетүүсү мүмкүн. Ноябрдагы сотко чейин үй камагында жүргөн мурдагы президенттин катчылыгынын башчысы Оксана Малеваная, президенттик администрациянын мурдагы жетекчиси Каныбек Жороев жана мурдагы баш прокурор Нурлан Турсункулов 22-ноябрда сот жараянына келбей койгондон кийин алардын үй-бүлөлөрү менен качып кеткендиги анык болгон.

Ушул тапта аларга издөө жарыяланганы менен азырынча алардын кайда экендигин шек-шыбаасы чыга элек.
Сумар Насиза

- Бизде азыр эч кандай маалымат жок. Сот тарабынан алардын баш коргоо чарасы өзгөрүлүп, издөө жарыяланган. Болгон маалымат ушул. Башка эч нерсе айта албайм, -деди Башкы прокуратуранын алдындагы уюштуруучу инспекциялык башкармалыгынын жетекчиси Сумар Насиза.

Үч күндөн бери дайынсыз болуп жаткан бул үч айыпталуучулар кайда болушу мүмкүн? Каныбек Жороевдин атын атагысы келбеген туугандарынын бири ушул тапта аны өздөрү издеп жаткандыгын, ушул убакка чейин байланышуу мүмкүнчүлүгү болбой жатканын “Азаттыкка” билдирди.
Каныбек Жороев

-Мен да билбейм. Өзүбүз деле кабар күтүп олтурабыз. Билбейм. Биз да издеп жүрөбүз. Издей турган жерибиз деле жок экен. Туугандардын арасында жок. Дүйшөмбү күнү сотко кеткен бойдон көргөн жокпуз. Ага чейин үйдө болчу. Үй-бүлөсү менен жок. Байланышка чыккан жок. Коркутуулар сотто болгон, бирок үйгө келип коркутуулар болгонун байкаган эмесмин.

Оксана Малеванаянын бир тууган сиңдиси Дарья Подольская менен байланышканыбызда ал сүйлөшүүдөн баш тартты.

-Мен дароо айтайын, мен эч нерсе айта албайм. Муну комментарийлей албайм, кечирип коюңуздар...

Ал эми мурдагы баш прокурор Нурлан Турсункуловдун жакындары менен байланышка чыга алган жокпуз.

Имиш-имиш көп, аныгын билген эч ким жок

Чек ара кызматынын башчысынын орун басары Чолпонбек Турусбеков буга чейин бул адамдар чек арадан чыгып кетпегени тууралуу “Азаттыкка” тастыктаган болчу. Ал бул адамдар аба майданы, темир жол аркылуу да мамлекеттик чек арадан өтпөгөндүгүн билдирген. Бирок дайыны чыкпай жаткан бул үч кишинин айланасында азыр ар кандай имштер айтыла баштады. Айрым бир имиш сөздөргө караганда, алар Орусиянын Канттагы аскерий аба базасынан учуп, Кыргызстандан чыгып кетиши мүмкүн.
Оксана Малеваная

Бул боюнча Орусиянын Кыргызстандагы элчилигине кайрылганыбызда, ал жерден байланышка чыккан аскердик атташенин жардамчысымын деген Максим аттуу жигит маалыматы жок экенин билдирди.

- Мен билбейм. Бизде мындай маалымат жок. Мен Оксана Малеваная кайда жүргөнүн тактоо менен алектенбейм...

Ошентип кечээки сот жараянында сотто жок бул үч кишинин айыбы сырттан угузулду. Президенттик администрациянын мурдагы башчысы Каныбек Жороев, экс-президенттик катчылыктын жетекчиси Оксана Малеваная жана мурдагы баш прокурор Нурлан Турсункуловго жапырт адам өлтүрүүгө көмөктөшкөн деген айыптар коюлууда.
  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG